Кара-Сууда малды жасалма уруктандырууга суюк азот чыгарган завод ачылды

Долбоорду жүзөгө ашырууга 211 миң доллар сарпталган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кара-Суу районунун Баш-Булак айылында малды жасалма уруктандырууга зарыл болгон суюк азот өндүрүүчү завод ишке кирди. Бул туурасында президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.
1 / 4

Кара-Суу районунун Баш-Булак айылында малды жасалма уруктандырууга зарыл болгон суюк азот өндүрүүчү завод ишке кирди.

2 / 4

Ачылыш аземине облус башчысы Зиядин Жамалдинов, Айыл чарба министрлигинин жетекчилиги, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары, асыл тукум чарба жетекчилери жана фермерлер катышкан.

3 / 4

Өндүрүш Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду тарабынан каржыланып, "Рынокторго чыгууну камсыздоо" долбоорунун алкагында курулуп, жабдуулар алынган.

4 / 4

Долбоорду жүзөгө ашырууга 211 миң доллар сарпталган. Завод суткасына 312 литр, саатына 13 литр суюк азот өндүрүүгө ылайыкталган.

Ачылыш аземине облус башчысы Зиядин Жамалдинов, Айыл чарба министрлигинин жетекчилиги, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары, асыл тукум чарба жетекчилери жана фермерлер катышкан.
Өндүрүш Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду тарабынан каржыланып, "Рынокторго чыгууну камсыздоо" долбоорунун алкагында курулуп, жабдуулар алынган. Долбоорду жүзөгө ашырууга 211 миң доллар сарпталган. Завод суткасына 312 литр, саатына 13 литр суюк азот өндүрүүгө ылайыкталган.
Ат-Башыда дары чөптөрдөн май чыгаруучу ишкана ачылды. Сүрөт