ЕАЭБ жалпы газ рыногу боюнча маселелерди жөнгө салууга белсенүүдө

Жыйын 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында боло турчу Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун алдында өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Евразиялык "бештикке" кирген өлкөлөрдүн энергетика министрлеринин катышуусунда ЕАЭБдин жалпы газ рыногун түзүү боюнча эл аралык келишимдин долбоору талкууланды. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы кабарлады.
Отурум ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы астында өткөн. Ал тараптар узак убакыт консенсуска келе албай келген маселелерди чечүүдө олуттуу өзгөрүү бар экенин белгилеген. Энергетика министрлери күн тартибинде газга байланыштуу маселелерди макулдашышкан. ЕЭКтен билдиргендей, жалпы рыноктун катышуучуларынын макамын түшүнүү, мүчө мамлекеттердин газга болгон ички керектөөлөрүн камсыздоо, газды жеткирүү келишимин ишке ашыруунун айрым аспектилери боюнча сүйлөшүүлөр болгон.
Мындан сырткары, тараптар газ боюнча эл аралык келишимдин айрым жоболорун эки тараптуу негизде кошумча иштеп чыгууну макулдашкан. Жыйын Комиссиянын кеңешинин (19-августка белгиленген) жана Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин (25-26-августта Чолпон-Ата шаарында болот) отурумунун алдында өттү. Анда жалпы газ рыногун түзүүнүн келечегин талкуулоо пландалууда.
Радио
Ибраев: ЕАЭБдин геосаясатта өзүнүн орду бар