БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде жаңы окуу жылынын алдында директорлор түзүмүнүн жаңыланышы кадр реформасына кандай таасир этерин түшүндүрдү.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда "Бишкектеги мектеп жана бала бакчаларда жаңы окуу жылы кандай өтөт" аттуу брифинг өттү.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлорун иштен алып, жетекчилерди конкурс аркылуу тандап алуу тууралуу жарлык чыгарган. Ага ылайык, өлкөдөгү 966 директор иштен бошотулган. Эми алар кайрадан сынактан өтүүдө.
Журналист вице-мэрге 1-сентябрга чейин бардык мектептерге директор дайындалып бүтөбү деген суроо узатты.
Мозгачеванын айтымында, учурда Билим берүү жана илим министрлиги бул маселенин айланасында кызуу иш алып барып, аймактарда тестирлөө жүрүүдө.
"Директорлор эс алуудан келгенден кийин дээрлик бардыгы кызматтан алынды. Бул орундарга сынак жарыяланган. Ушу тапта ар бир мектепте директордун милдетин аткарып жаткан окуу бөлүмүнүн башчысы бар. Ошол себептен ата-энелер мектептер жаңы окуу жылына даяр болобу деп кабатырланбай эле коюшу керек. Иш өз нугунда жүрүп жатат. Бир топ директорлор милдетин аткаруучу болуп калды", — деди вице-мэр.
Мэриянын маалыматы боюнча, 61 мектептин жетекчилери билим берүү мекемесин беш жылдан ашык убакыт башкарган. Алардын ичинен 56сы жумуштан кетүү боюнча арызын жазган.