Бишкектин чок ортосундагы үч көчөдө унаа каттамы бир тараптуу болот

Мындай чаралар жол коопсуздугун камсыздоо, унаа тыгындарын азайтуу максатында көрүлүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы көчөлөрдүн айрым тилкелерин бир тараптуу кылуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, автоунааларды төмөнкү жолдордо бир тараптуу жүргүзүү пландаштырылууда:
Шопоков көчөсү — Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин (түндүк багытта);
Панфилов көчөсү — Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин (түндүк багытта);
Логвиненко көчөсү — Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин (түштүк багытта).
Бишкектин Кайгуул милициясына бир тараптуу көчөлөрдө зарыл болгон жол белгилерин орнотуу маселелерин иштеп чыгуу тапшырылган. Ошондой эле унаа токтотуучу жайларды уюштуруу үчүн жол белгилерин орнотуу пландаштырылууда.
Мындай чаралар жол коопсуздугун камсыздоо, унаа тыгындарын азайтуу жана жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында көрүлмөкчү.
Бишкекте оңдолуп жаткан төрт көчө ачылды. Тизме