Бишкек — Балыкчы багытындагы поезддин каттамы жанданат. Графиги, баасы

Билет алып, бирок табигый кырсыктын кесепетинен поездге түшпөй калсаңыз, кассадан билетти алмаштырсаңыз болот.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. 15-августтан тарта Бишкек — Балыкчы багыты боюнча жүргүнчү ташыган поезд кайрадан каттап баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.
Убактысы:
Бишкектеги бекеттен саат 07:40та чыгып Балыкчыга саат 11:42де жетет;
Балыкчы бекетинен саат 17:48де чыгып, ордо калаага 21:50дө келет.
Билет баалары:
Жөнөкөй вагон — чоң кишилерге 150 сом, балдарга 73 сом;
Люкс вагон — чоң адамдарга 500 сом, балдарга 250 сом.
"Билет алып, бирок табигый кырсыктын кесепетинен поездге түшпөй калсаңыз, кассадан билетти алмаштырсаңыз болот", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, өлкө ичиндеги темир жол каттамы Боом капчыгайында селден улам убактылуу токтотулган.
Бишкектин чок ортосундагы үч көчөдө унаа каттамы бир тараптуу болот