БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. 7-август күнү Бишкекте атышуу болуп, 38 жаштагы адам жаракат алган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка караганда, “102” кызматына Карманская көчөсүндө белгисиз адам октон жаракат алганы тууралуу маалымат түшкөн.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө тобу дароо чакыруу болгон жерге барган. Кароо жүргүзүүдө белгисиз маркадагы тапанча, бир даана гильза табылган.
Алдын ала маалыматка ылайык, 1984-жылы туулган жаран оң санына ок тийип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Бул факты боюнча Биринчи май РИИБнин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин ("Бейбаштык”) негизинде кылмыш иши козголуп, керектүү экспертизалар дайындалган.
Учурда шектүү адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.