Бишкек мэриясы 30 атайын техника алууну пландап жатат

Алына турчу техникалар "Бишкек жарык", "Тазалык", "Бишкек суу чарба" жана "Бишкек жашыл чарба" ишканаларына берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясы менен Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду коммуналдык кызматтар үчүн атайын техника жеткирүү боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, жалпысынан 30дай атайын техника алуу пландалууда. Анын ичинде таштанды чыгарган машиналар да бар.
Алына турчу техникалар "Бишкек жарык", "Тазалык", "Бишкек суу чарба" жана "Бишкек жашыл чарба" ишканаларына берилери божомолдонду.
Мэрия Бишкекке шашылыш түрдө автобус сатып алат