Жалал-Абадда директор болууга ат салышкан 220 талапкердин 61и тесттен өттү

Башында сынакка катышуу үчүн 314 талапкер документ тапшырган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда мектеп директору болууга ат салышкан 220 талапкердин 159у компьютердик тесттен өтпөй калды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Ал эми 61 талапкер 60 пайыздык босого баллдан өтүп, ийгиликтүү тапшырган.
Облустагы мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө кечээ, 11-августта, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында, окуу залында жана аудиториясында өткөрүлгөн.
Башында сынакка 314 талапкер документ жиберип, анын 94ү документтерин толук тапшырбагандыктан кийинки этапка өткөн эмес.
Баткенде мектепке директор болчу 147 талапкердин 87си тесттен өтпөй калды