Алты айдын жыйынтыгы боюнча экономиканын өсүшү 6,3 пайызды көрсөтүп, президенттин, министрлер кабинетинин колдоосу менен инвестиция тартуу аракеттери натыйжа берүүдө. Бул тууралуу Чоро Сейитов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, геосаясий кырдаалга байланыштуу антикризистик иш-чаралардын планы бекитилип, министрлик экономиканын туруктуу өнүгүшүнө аракет көрүүдө.
"Ушул жылдын биринчи жарымында экономиканын өсүшү былтыркы жылга салыштырмалуу 6,3 пайызга өстү. Президенттин, министрлер кабинетинин колдоосу менен инвестиция тартуу аракеттери да жакшырды. Ал эми акыркы алты айда инфляциянын көлөмү 9 пайыздын тегерегинде болду. Азыркы геосаясий, геоэкономикалык кырдаалды эске алганда бул көрсөткүчтөрдү оптималдуу деп эсептесек болот. Мындан тышкары, геосаясий абалга байланыштуу антикризистик иш-чаралардын планы бекитилип, министрлик экономиканын туруктуу өнүгүшүнө аракет көрүүдө", — деди Сейитов.
Ошондой эле адис азык-түлүккө болгон бааны туруктуу сактоо боюнча чаралар көрүлүп жаткандыгын кошумчалады.