Сүйүнчү! Айпери Медет кызы Ислам оюндарынан алтын утту. Видео

Медет кызы курама командага үчүнчү алтын байгени алып келди. Кечээ балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Эрназар Акматалиев алтын уткан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. Айпери Медет кызы Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында алтын медаль алды.
Балбан 76 килограмм салмактагылар арасында кармашты. Айпери финалдык кармашта африкалык кызды баш көтөртпөй жеңип алды (10:0). Спортчу жалпы төрт беттеш өткөргөн.
Ошондой эле бүгүнкү кармашта Тынар Шаршенбеков күмүш, ал эми Дилназ Сазанова коло байгеге ээ болду.
Кечээ балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Эрназар Акматалиев алтын уткан.
Аталган эл аралык турнир 19-августка чейин уланат.
Айсулуу Тыныбекова Ислам тилектештиги оюндарында экинчи алтынды багындырды. Видео