13-августка карата аба ырайы

13-августка караган түнү республиканын аймагында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Ишембиде Чүй, Ысык-Көлдүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Ал эми калган облустарда, дыйканчылык аймактарда жана өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +30...+35, Талас жергесинде +27...+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл чөлкөмүндө +25...+30 жана Нарында +24...+29 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +31...+33, Ошто +34...+36 жана Чолпон-Ата шаарында +25...+27 градуска жетет.
Бишкектин чок ортосундагы үч көчөдө унаа каттамы бир тараптуу болот