Пресс-борбор

Далбаев: Ысык-Көлдөгү 103 курорттук жайдын саркынды сууну тазалоочу курулмасы жок

Адистин айтымында, көпчүлүк саркынды сууларды тазалоочу жайлардын эскилиги жетип бүткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү 103 курорттук мекеменин саркынды сууларды тазалоочу жайы жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Суу жана жер ресурстары башкармалыгынын жетекчиси Таалай Далбаев Sputnik агенттигинде өткөн брифингде билдирди.
Адистер курорттук аймактагы тазалоочу жайларга анализ жүргүзүшкөн. Мында жалпы жонунан 212 ден соолукту чыңдоочу жай, 700дөн ашык конок үйү бар. Ал эми туристтерди тейлеген жеке үйлөр эсепке алынган эмес.
"Ден соолукту чыңдоочу 212 жайдын 109унда гана саркынды сууларды тазалаган курулуш болсо, калган 103үндө жок. Көпчүлүк жеке үйлөр менен кичи пансионаттар септик колдонушат. Каттоодо тургандары 24, бирок иш жүзүндө көп болсо керек. Бул жакшы көрүнүш эмес", - деди Далбаев.
Ал белгилегендей, саркынды сууларды тазалоочу жайлардын көбүнүн эскилиги жетип бүткөн.
"Кээ бир пансионаттар 1960-жылдары эле курулган. Алардын дээрлик жарымы, 45 пайызы чыпкалоочу эски курулуштарды колдонушат. Аларды жаңылабаса болбойт", - деди министрликтин өкүлү.
Адис буга чейин саркынды сууларды чыпкалоочу жайлар боюнча көйгөйдүн айынан кээ бир пансионаттардын аймагында сууга түшүүгө мүмкүн болбой калганын билдирген.
Радио
Адилбек уулу: Жетим-Тоону иштетүү маселесин азырынча көтөрбөй турган оң