Пресс-борбор

Адис: Ысык-Көлдөгү саркынды сууларды тазалоочу жайлар талапка жооп бербейт

Эгер терс тенденция сактала турган болсо, экологиялык жана экономикалык жоготуулар боло турганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү кээ бир пансионаттарда саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын эскилигинен келип чыккан көйгөйдөн улам сууга түшүүгө мүмкүн болбой калды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Суу жана жер ресурстары башкармалыгынын жетекчиси Таалай Далбаев билдирди.
Ал Sputnik агенттигинде өткөн "Президенттин Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо жөнүндөгү" жарлыгы кандай аткарылып жатат?" деген брифингге катышты.
Адис апрель айында мамлекет башчы "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо үчүн чараларды көрүү" жөнүндө жарлыкка кол койгонун эскертти. Документте көлдүн курорттук аймагында экологияга залакасын тийгизген жагдайлар орун алганы белгиленген.
Далбаев эгер терс тенденция сактала турган болсо, экологиялык жана экономикалык жоготуулар боло турганын айтты.
"Ысык-Көл районунда саркынды сууларды тазалоочу жайлардын көбү талаптарга жооп бербейт. Кир суу көлгө кирип жатат. Мисалы, пансионаттардын бириндеги абал ушунчалык начар, анда акыл-эси жайында адам сууга түшпөйт. Пансионаттан тышкары, бул аймакта мейманкана үйлөрү башаламан салынган. Бул курулуштар стандартка канчалык жооп берерин текшерип ага жараша чара көрөбүз. Бирок бул үчүн убакыт керек", - деди Далбаев.
Анын айтымында, эгемендүүлүк жылдарынан бери көлдүн жээгине санитардык жана экологиялык нормаларга жооп бербеген үйлөр, пансионаттар курулуп келген. Буга байланыштуу биосфералык аймактын абалы жан кейитерлик экенин адис кошумчалады.
Радио
Маратбеков: жашыл энергетиканы өнүктүрүү үчүн аукцион системасына өтүү зарыл