Энергетика министри: Түркия Россияга каршы санкцияларга кошулбайт

Фатих Донмез Анкаранын Москва менен учурда иштеп жаткан келишими бар экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Түркия энергетика тармагы боюнча Россияга каршы санкцияларга кошулбайт. Бул тууралуу өлкөнүн энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Донмез Anadolu басылмасына билдирген.
Ал Анкаранын Москва менен газ жеткирүү боюнча келишими бар экенин белгилеген.
"Түркия боюнча айта турган болсок, биз башынан эле Россияга каршы санкцияларды аткарбай турганыбызды билдиргенбиз. Биздин Россия менен учурда иштеп жаткан келишимибиз бар. Азербайжан жана Иран менен дагы бар. Биз алар менен байланыштабыз. Керек болгон учурда жеткирүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүшүбүз мүмкүн", —  деди Донмез.
Анын айтымында, өткөн жылы Түркия 59-60 кубометр жаратылыш газын керектеген.
"Биздин оюбузча, быйыл дагы керектөө ошондой эле темп менен жүрөт. Албетте, жаратылыш газына болгон суроо-талап сезонго жараша өзгөрүп турат. BOTAŞ (Түркиянын мамлекеттик мунай-газ компаниясы) мурдагы жылдар менен салыштырган маалыматтарга ээ. Ага ылайык, биз дагы газ алууну пландап жатабыз. Эгер жеткирүүчү тарап планды аткарса көйгөй жаралбайт", — деди министр.
FT: Россия газынан ажыраган Европаны дагы бир өлкө биротоло бүк түшүрөт