Түркия бийлиги Швеция жана Финляндия менен НАТОго мүчөлүк боюнча жолугушуу болорун айтты

Май айында Финляндия менен Швеция Россиянын Украинадагы атайын операциясынын фонунда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергге альянска кирүү өтүнүчүн тапшырышкан. Түркия аларды кароо жараянына тоскоол болуп, каршылык көрсөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу 26-августка Түркия, Швеция жана Финляндия өкүлдөрүнүн НАТОго мүчөлүк процесси боюнча жолугушуусу пландалганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буга чейин Чавушоглу жолугушуу августтун аягына белгиленгенин айткан эле.
“Жыйын 26-августта болот", — деди министр.
Эске салсак, май айында Финляндия менен Швеция Россиянын Украинадагы атайын операциясынын фонунда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергге альянска кирүү өтүнүчүн тапшырышкан. Түркия аларды кароо жараянына тоскоол болгон, бирок ушул жуманын башында Хельсинки, Стокгольм жана Анкара коопсуздук меморандумуна кол коюшкан. Анда Түркиянын бардык кооптонуусу эске алынган. Түркия өз кезегинде Скандинавиядагы эки өлкөнүн НАТОго киришине каршы пикирин кайтарып алган.
Эрдоган: Швеция менен Финляндия НАТОго кирүү үчүн убадасын аткарышы керек