Министр Бейшеналиев: мектепте акча чогултуу маселеси күздө чечилет

Ата-энелердин тандоосуна жараша министрлик чечим кабыл алат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Мектепте окуган балдардын ата-энелеринен акча чогултуу маселесине чекит коюу үчүн сентябрда коомдук талкуу уюштурулат. Бул туурасында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев журналист Майраш Базлакунова менен курган маегинде билдирди.
Аткаминер учурда кээ бир мектептер айына 2000-3000 сом, башкасы 100 сомдон чогултуп бирдиктүү саясат жүрбөй жатканын белгиледи. Айрымдары ата-энелерден такыр эле акча сурабайт.
"Муну сентябрдан баштап коомдук талкууга чыгарабыз. "Ата-энелер билим берүүгө салым кошушу керекпи же кошпош керекпи?" деп сурайбыз. Ооба, Конституцияда "билим берүү бекер" деп белгиленген, биз мугалимдин айлыгын төлөп бекер окутуп жатабыз. Бирок мектепте кошумча инфраструктура болсун, өнүксүн десе өз оюн айтышат. Талкууда эгер ата-энелер акча берүүгө макул болсо мыйзам кабыл алышыбыз керек, каршы чыкса толук түрдө бөгөт коюу зарыл", — деди Бейшеналиев.
Ошондой эле ал мамлекет учурда мектептин майда-барат оңдоо иштерин жасап, журнал, бор, тазалык каражаттары менен жабдып бере албай жатканын белгиледи. Кошумча билим берүүгө, ийримдерди уюштурууга да акча каралбайт. Андыктан ар бир мектеп директору өзүнүн деңгээлинде бул маселени чечүүгө аракет кылып жүргөнүн кошумчалады.
Өлкөдөгү 1200 мектепке компьютердик класстар үчүн эмерек жеткирилип жатат