Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Азовчулар" мууздап салабыз дешти. Мариуполдо аман калгандардын видеосу

Татьяна жашаган Мариуполдогу үйдү Украинанын аскерлери аткылаган. Азыр ал жерде жашоого мүмкүн эмес. Татьяна менен кызы кудай сактап аман калышкан. Анын айтымында, экөөнү талкаланган үйдөн туугандары алып чыкканга жетишкен.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинин тартуу тобу Мариуполго барып, ал жактагы Украина армиясынын аткылоосунан аман калгандардын жашоосун чагылдырды.
Татьяна Украина аскерлеринен корккондуктан жүзүн көрсөткөн жок.
"Биз жер төлөдө жашынып жаттык. "Азовчулар" аягына чейин согушарын айтып, орус тилинде сүйлөгөндөрдү мууздап өлтүрөбүз деп коркутуп жатты. Анысы аз келгенсип үйлөрдү талап-тоношту. Жер төлөдө "кудайлап" араң отурдук. Анткени аскерлер биз жакты аткылашты. Алар жер төлөнүн оозуна келип ок чыгарып, кайра кетип жатышты", — деген аял.
Тема боюнча:
Донбасс күндөлүгү: кыргызстандыктар көргөн чындык
Бул мечитке келүү кооптуу! Донецкиден тартылган видео
Кошунаны огородго көмдүк. Донбасстагы спартактык аялдын видеосу