Кыргызстандык келин 7 жашар уулун Россияда саткысы келгенби? ТИМдин жообу

Шектүү жактоочу жана котормочу менен камсыздалды. Анын соту бүгүн болот.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы россиялык ЖМКларда жазылган “Екатеринбургда кыргызстандык аял баласын сатуу менен карызын төлөгүсү келген” деген макалага комментарий берди.
Екатеринбургдагы Башкы консулдуктун кызматкерлери Тергөө комитетинин Свердлов району боюнча башкармалыгынын тергөөчүсү менен жолугушту. Тергөөчү билдиргендей, кармалган А.Н. Кыргызстандын жараны болуп чыкты. Ага карата кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Бала Екатеринбургдагы социалдык мекемеге жайгаштырылды.
Башкы консулдук окуянын чоо-жайын аныктап жатат. Ал эми шектүүгө адвокаттын жана котормочунун кызматтары көрсөтүлөт. Бүгүн, 11-августта, баш коргоо чарасын тандоо боюнча соттун жабык отуруму өтөт.
Россиялык басылмалардын маалыматына караганда, 36 жаштагы шектүү баланы 300 миң рублга сатууга аракет кылган. Ал жаңы жолдошу менен баласы "тил табыша албай жаткандыктан” башка үй-бүлөгө берүүнү чечкен. Белгиленгендей, кыргызстандык аял Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин “Адам сатуу” беренеси боюнча он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Кыргызстанда балдарга жасалган зомбулук үчүн кылмыш жоопкерчилиги күчөтүлдү