Кыргызстанда навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке кирди

Пилоттук долбоор 2023-жылдын 31-январына чейин иштейт.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Импорттук товарларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, пломбалар Кыргызстандагы жүк ташууларды жана Евразия экономикалык бирикмесине мүчө-өлкөлөрдөн келген товарлардын кыймылын көзөмөлдөө үчүн керек.
"Пилоттук долбоор тышкы экономикалык иштердин катышуучуларын ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонууну киргизүүгө даярдоо максатында ишке ашырылууда жана 2023-жылдын 31-январына чейин иштейт", — деп айтылат маалыматта.
Контролдук пломбаларды Мамлекеттик салык кызматы койсо, ал эми навигациялык пломбаларды коюу Кыргызстандын Эл аралык автомобилдик ташуучулар ассоциациясы (Товарларды ташууга байкоо жүргүзүү системасынын улуттук оператору) менен биргеликте ишке ашырылат.
Пилоттук долбоордун жүрүшүндө ишкердик субъектилердин транспорт каражаттарынын жүк жүктөлүүчү жайларында контролдук же навигациялык пломбалар акысыз орнотулат.
Салык кызматы үй, транспорт жана жер салыгын төлөө керектигин эскертти