Айсулуу Тыныбекова Ислам тилектештиги оюндарында экинчи алтынды багындырды. Видео

Аталган эл аралык турнир 9-19-август күндөрү өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Түркияда өтүп жаткан V Ислам тилектештиги оюндарында алтын медалга ээ болду.
Аталган эл аралык турнир 9-19-август күндөрү өтүп жатат.
62 килограммга чейинки салмак ченинде беттешкен балбан кыз 1/4 финалда Казакстандын спортчусу Ирина Кузнецованы 12:2 эсебинде жеңип алган. Жарым финалда сенегалдык спортчу Сафиету Гудиабини уткан.
Чечүүчү беттеште Тыныбекова гвинеялык Фатумата Ярие Камара менен беттешип, 11:0 эсебинде жеңишке жетти.
Бул медаль Кыргызстан үчүн Ислам тилектештиги оюндарындагы бешинчи байге, анын ичинен экинчи алтын. Алгачкысын Эрназар Акматалиев алган.
Биринчи алтын! Эрназар Акматалиев Ислам оюндарында жеңүүчү болду. Видео