Жок кылабыз! Ким Чен Ындын карындашы COVID-19дан улам Сеулга сес көрсөтүүдө

Бейшемби күнү Ким Чен Ын Түндүк Корея коронавирусту жеңгенин расмий жарыялаган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг.— Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы, Кореянын Эмгек партиясындагы башкы комитеттин бөлүм башчысынын орун басары Ким Ё Чжон эгер Түштүк Корея коронавирустун Пхеньянга киришине себепкер болсо, Сеулду жок кыларын айтып коркутту. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Эгер алар вирусту биздин мамлекетке киргизүүгө аракеттерин уланта берсе, анда биз вирусту гана эмес, Түштүк Кореянын бийлигин да жок кылабыз", — деген ал.
Белгилей кетсек, бейшемби күнү Ким Чен Ын Түндүк Корея коронавирусту жеңгенин расмий жана салтанаттуу түрдө жарыялаган.
Буга чейин Түндүк Кореяда коронавирус жуктурган учурлар кездешип, бийлик "эпидемияга каршы өзгөчө системаны" киргизгени айтылган. Вирустун жайылуусун тез арада токтотуу үчүн Ким Чен Ындын тапшырмасы менен бардык шаар, уезддерде локдаун жарыяланган.
Кытайда жаныбардан адамга жуккан жаңы вирус табылды