Радио

Адилбек уулу: инвесторлор менен талаш-тартыштарга чекит коюш керек

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин мурдагы жетекчиси Шумкарбек Адилбек уулу инвестициялык климатка терс таасир тийгизген жагдайларды атады.
Sputnik
Инвесторлор менен болуп жаткан талаш-тартыштарга чекит коюлушу керек. Мындай пикирин Шумкарбек Адилбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул жаңы инвестициялык саясатты баштоого жол ачат.
"Инвестициялык климатты жакшыртууга аракеттер көрүлүп эле жатат. Бирок ага чейин аталган тармактагы айрым көйгөйлөрдү чечүү зарыл. Маселен, эбактан бери уланып келе жаткан инвесторлор менен талаш-тартыштар бар. Аларга чекит койбосо жаңы инвестиция тартып келүүгө тоскоолдук жаратат. Мисал келтирсем, бир жеке клиника грант алуу максатында мамлекеттик органдан кепилдик кат алган. Кийин ал карызды кайтарбай, натыйжада эки өлкөнүн ортосунда көйгөй жаралууда. Атайын делегация менен барганда ал өлкөнүн өкүлдөрү чыгып "силер менен ушундай талаш-тартыштар бар, ошону жөнгө салгандан кийин кызматташууга үмүт кылбай эле коелу" деген таризде маселе койду. Бул сыяктуу көйгөйлөр көп. Мына ошолорду чечип, анан ишти ак барактан баштоо керек. Мындан тышкары, ички инвесторлорго дагы тийиштүү деңгээлде шарт түзүү зарыл. Ал үчүн ишкердикти текшерүү, отчет тапшыруу сыяктуу маселелерди жеңилдетүү зарыл", — деди Адилбек уулу.
Ошондой эле ал жаңы технологиялар менен иштөө жаатында мыйзамдарды жөнгө салуу зарылдыгын кошумчалады.