Радио

Ибраев: ЕАЭБдин геосаясатта өзүнүн орду бар

Кыргыз өнөр жай жана ишкерлер союзунун президенти, ЕАЭБдин ишкердик кеңешинин башчысы Данил Ибраев Евразия экономикалык биримдигине кирүүнү каалаган өлкөлөр көп экенин айтты.
Sputnik
ЕАЭБ экономикалык уюм болгонуна карабай геосаясатта өзүнүн орду бар. Мындай пикирин Данил Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, башка мамлекеттер ЕАЭБдин мүчө-өлкөлөргө түзүп берип жаткан шарттарына кызыгышат.
"ЕАЭБ — бул биринчи кезекте экономикалык уюм. Бирок экономика менен саясат дайыма эриш-аркак жүрөт эмеспи. Андыктан аталган биримдиктин дүйнөлүк экономикада өз орду бар. Буга, биринчиден, ичиндеги мүчө-өлкөлөргө түзүлүп жаткан шарттары, андагы товарлар болсо, экинчиден, бул беш өлкөнүн географиялык жайгашуусу да геосаясатта олуттуу роль ойнойт. Уюм ичиндеги рынок, андагы товарлар, технологиялар, ийкемдүү алакалар башка өлкөлөрдү же андагы ишкерлерди кызыктырганын ушундан байкасак болот, ЕАЭБ менен иштешүүнү же ага мүчө болууну каалаган Куба, Өзбекстан жана Куба мамлекеттери учурда байкоочулук макамында турушат. Мындан сырткары, Вьетнам, Сербия, Сингапур менен товарды эркин жүгүртүү боюнча өзгөчө зоналар түзүлгөн. ЕАЭБге мүчө болгон беш мамлекеттин ар бири менен жекече иштешүүнү каалаган дагы ондогон өлкө бар. Биримдикке мүчө-өлкөлөр уюмга киргенден тарта Кытай менен да соода-экономикалык алакасын күчөтүүдө", — деди Ибраев.
Ал уюмдун негизги максаты мүчөлүккө өтүүчү мамлекеттердин санын арттырууга ашыгуу эмес, ага кирген өлкөлөр ортосундагы түзүлгөн экономикалык эрежелердин так, туура аткарылуусуна басым жасоо болуп саналарын кошумчалады.