Хабибдин турнири: Бусурманкул Абдибаит уулу атаандашынан жеңилип калды. Видео

Мушкерлер кеченин башкы беттешинде күч сынашып, беш раунд толугу менен кармашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Бусурманкул Абдибаит уулу Бишкекте өткөн Eagle FC турниринде россиялык атаандашы Расул Магомедовго утулуп калды.
1 / 3

Бусурманкул Абдибаит уулу Бишкекте өткөн Eagle FC турниринде россиялык атаандашы Расул Магомедовго утулуп калды

2 / 3

Мушкерлер кеченин башкы беттешинде күч сынашып, беш раунд толугу менен кармашкан.

3 / 3

Калыстардын чечими менен жеңиш Магомедовго ыйгарылып, спортчу чемпиондук наамга ээ болгон.

Турнир "Бишкек арена" спорттук жайында өттү. Мушкерлер кеченин башкы беттешинде күч сынашып, беш раунд толугу менен кармашкан. Калыстардын чечими менен жеңиш Магомедовго ыйгарылып, спортчу чемпиондук наамга ээ болгон.
Абдубаит уулу беттештен кийин Eagle FC лигасынын түптөөчүсү, UFC уюмунун мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовдон реванш-кармаш сураган.
Белгилей кетсек, турнирге бир күн калганда кыргызстандык мушкер салмагын тууралай (65,8 кг) албай калгандыктан, эреже боюнча чемпиондук наамынан ажыратылып, беттешүү мүмкүнчүлүгү сакталган.
Ислам оюндарынан алгачкы медаль! Балбан Сманбеков күмүш алды. Сүрөт