Бишкекте муниципалдык мүлктү ижарага берүү үчүн онлайн-аукцион башталды

Ишкерлер электрондук соода аянтчасы порталында жайгашкан объектилерди көрө алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Бишкек шаарында муниципалдык мүлктүн онлайн-аукциону кайрадан башталат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ишкердик менен алектенүүнү каалаган жарандар электрондук соода аянтчасы порталында жайгашкан объектилерди көрүп, ижара акысына өз суммасын сунуштай алат.
"Биз шаардыктарды, ишкерлерди онлайн-аукционго катышууга чакырабыз. Сиз коррупциялык тобокелдиктерсиз, дос-тааныш издебестен мүлктү толугу менен ижарага ала аласыз", — деп айтылат маалыматта.
Анда төлөмдөрдү кабыл алуу пунктуларын орнотуу, чакан жайлар, андан тышкары, ашкана, дарыкана жана башка кеңселер бар.
74,6 тонна! Жарактан чыккан автоунаа номерлерин сатууга аукцион жарыяланды