Бусурманкулдун ич ачыштырган кармашы, көктү тиктеген Хабиб. Турнирдеги сүрөттөр

Бишкекте спорт сүйүүчүлөрү күткөн аралаш мушташ боюнча Eagle FC 49 турнири өтүп, кеченин башкы беттешинде чемпиондук наам үчүн Бусурманкул Абдибаит уулу күч сынашты.
Sputnik
Турнир борбор калаадагы "Бишкек арена" спорттук жайында болуп, жалпы 14 беттеш көрсөтүлдү. Башкы беттеште Абдибаит уулу россиялык Расул Магомедов менен беш раунд кармашып, калыстардын чечими менен жеңиш атаандашына ыйгарылды. Беттеш кызуу талкууну жаратып, эки мушкер чемпиондук наам үчүн жан аябай кармашты.
Лиганын түптөөчүлөрүнүн бири, UFC уюмунун мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов турнирдин ардактуу коногу болду.
Белгилей кетсек, Хабибдин турнири Кыргызстанда экинчи ирет өтүп жатат. Былтыр Чолпон-Ата шаарында уюштурулган.
1 / 16

Бусурманкул Абдибаит уулу Бишкекте өткөн Eagle FC 49 турниринде россиялык атаандашы Расул Магомедовго утулуп, чемпион болбой калды

2 / 16

Аралаш мушташ боюнча турнир "Бишкек арена" спорттук жайында өттү

3 / 16

Көктү тиктеген Хабиб... Лиганын түптөөчүлөрүнүн бири, UFC уюмунун мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов өзү да келди

4 / 16

Турнирдин алкагында спорт сүйүүчүлөрүнө 15 беттеш көрсөтүлдү

5 / 16

Аралаш мушташты көрүүгө миңден ашык киши келди

6 / 16

Беттештин уюштуруучулары салмагын тууралабаган спортчуларга катаал чара көрдү

7 / 16

ММА мушкерлери октагон ичинде көз кандырган кармаштарды көрсөтүүгө милдеттүү

8 / 16

Кыргызстандык спортчу жана машыктыруучу Рамазан Никарамазанов октагон тышында күч сынашып жаткан спортчуга ыкмаларды айтып берүүдө

9 / 16

Экөө тең чарчаңкы тартып... Айдарбек Абдибаит россиялык Виталий Косицынды торго такап жаткан маал

10 / 16

Раунд ортосунда спортчуга жардам көрсөткөн машыктыруучу

11 / 16

Кеченин башкы беттешинде кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу кармашка чыкты

12 / 16

Ал россиялык Расул Магомедов менен беш раунд толук кармашты

13 / 16

Абдибаит уулу турнирге чейин салмагын тууралабай (65,8 кг) койгондуктан, упайы кемитилип чыккан

14 / 16

Беттеш кызуу талкууну жаратты, эки мушкер тең чемпиондук кур үчүн жан аябай кармашты

15 / 16

Калыстардын чечими менен жеңиш Магомедовго ыйгарылып, спортчу чемпиондук наамга ээ болду

16 / 16

Хабиб Нурмагомедов реванш-беттеш уюштуруп берүүнү убадалады

Тема боюнча:
Бишкекте Хабибдин EFC турнири кандай өттү. Эң кызыктуу учурлары видеодо
Хабибге орусча төккөн акындар. Баян Акматов менен Кубат Тукешовдун видеосу