Абдибаит уулу россиялык Расул Магомедов менен беш раунд бою кызыктуу кармаш көрсөткөнү менен калыстардын чечиминин негизинде жеңиш атаандашына ыйгарылды. Мушкер турнирге бир күн калганда салмагын тууралай (65,8 кг) албай калгандыктан, эреже боюнча чемпиондук наамынан ажыратылып, беттешүү мүмкүнчүлүгү сакталган. Бирок турнирге упайы кемитилип чыккан.
Иш-чара борбор калаадагы "Бишкек арена" спорттук жайында болду. Жалпы 14 беттеш көрсөтүлдү. Борбор калаага Нурмагомедов менен бирге блогер Хасбик келген.
Тема боюнча: