Bloomberg: Батыш Россиянын нефть тирешиндеги жеңишин моюндады

Автор алдыдагы суук, электр энергиясына суроо-талаптын кескин жогорулашы жана жыл аягында күтүлүп жаткан инфляция Батыштын Украинага көрсөткөн колдоосун солгундатышы ыктымал экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Россия нефтисинин өндүрүшүнүн көлөмү жана анын баасы Москва мунай рыногундагы тирешүүдө жеңишке жеткенин тастыктайт. Бул тууралуу Bloomberg жазды.
Баяндамачы Хавьер Бластын айтымында, "кайсы гана индикатор менен өлчөнбөсүн" жеңиш айкын болуп турат. Биринчи көрсөткүчү — Россияда өндүрүлгөн нефтинин көлөмүнө байланышкан кырдаал. Өткөн айда өндүрүү көлөмү дээрлик жыл башындагы көрсөткүчкө теңелип, орточо күнүнө 10,8 миллион баррелди түзгөн. Январда 11 миллион баррель болчу. "Бул кокусунан эле көтөрүлүп кеткен сан эмес, нефть өндүрүшү үчүнчү ай катары менен өйдөлөөнүн үстүндө", — деп жазды Блас.
Экинчи көрсөткүч — россиялык нефтинин баасы. Алгач Москва мунайын арзандатып сатууга мажбур эле, бирок акыркы айларда рыноктогу сунуштун чектелип жатканын пайдаланып наркты калыбына келтире алды. "Азыркы тапта энергетикалык санкциялар иштеген жок", — деди баяндамачы.
Автордун айтымында, Россияны жеңишке жеткирген үчүнкү көрсөткүч саясий өңүттө. Батыш саясатчылары жазында эле Сауд Аравия менен БАЭ башында турган ОПЕК Россиядан баш тартат деген ишенимде болчу, бирок алар күткөндөй болгон жок. АКШ президенти Жо Байдендин Эр-Риядга жасалган сапарынан кийин ал жакка Россиянын вице-премьери Александр Новак барып, бир нече күн өткөн соң ОПЕК+ нефть өндүрүүнүн көлөмү болор-болбос жогорулаганын билдирген.
"Ноябрда россиялык нефтинин экспортуна киргизилген европалык санкциялар күчүнө кирген соң өлкө өкмөттөрү баш ооруга кабылат. Анткени энергетикалык каатчылык элге жана компанияларга кедергисин тийгизе баштайт", — деди Блас.
Макаланын автору алдыдагы суук, электр энергиясына суроо-талаптын кескин жогорулашы жана жыл аягында күтүлүп жаткан инфляция Батыштын Украинага көрсөткөн колдоосун солгундатышы ыктымал экенин да четке каккан эмес. "Эл көзүнө Европа өкмөттөрү мурдагыдай эле россиялык энергиядан баш тартабыз деп жатат. Бирок кыйын кырдаал түзүлгөнүн моюндап, анын өз кезегинде экономикаларына залалы күч болорун билип-туюп турушат", — деп жазды эксперт.
Россия Украинада атайын операция баштаган соң Батыш Москвага санкциялык басымын күчөткөн: жүздөгөн миллиард долларлык активдер тоңдурулуп, Евробиримдик бүгүнкү күндө чектөө чараларынын жетинчи пакетин кабыл алды, арасында көмүр менен нефть эмбаргосу да бар. Бирок мунун баары Батыштын өзүнө сокку уруп, инфляция жогорулады, азык-түлүк жана мунай кымбаттап жатат.
РФ президенти Владимир Путин Россияны ооздуктоо жана алсыратуу Батыш мамлекеттеринин узак мөөнөттүү стратегиясы экенин белгилеп, санкциялар дүйнөлүк экономикага катуу сокку урганын айтып келет.
Киев дүйнөнүн үчтөн эки бөлүгү Украинаны колдобой турганын моюндады