Баткенде мектепке директор болчу 147 талапкердин 87си тесттен өтпөй калды

Облуста жалпысынан 98 ваканттык орун бар болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Баткен облусунда мектеп директорлугуна ат салышкан 60 талапкер компьютердик тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырды. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
1 / 3

Баткен облусунда мектеп директорлугуна ат салышкан 60 талапкер компьютердик тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырды

2 / 3

Аталган аймакта бүгүн, 11-августта, тестирлөө болуп, ага жалпысынан 147 талапкер катышкан. Анын ичинен 87си босого баллга жетпей сынактан өтпөй калган

3 / 3

Тестирлөөгө катталган эки талапкер келген эмес

Аталган аймакта бүгүн, 11-августта, тестирлөө болуп, ага жалпысынан 147 талапкер катышкан. Анын ичинен 87си босого баллга жетпей сынактан өтпөй калган. Тестирлөөгө катталган эки талапкер келген эмес.
Тестирлөөдө бир талапкер 74 пайыздык упай алып эң жогорку көрсөткүчкө жетти.
Баткен облусу боюнча мектеп директорлугуна 98 ваканттык орун бар болчу.
Таласта мектеп директорлугуна төрт талапкер сынак тапшырып, үчөө өтпөй калды