Asia Mall соода борборуна бомба коюлганы кабарланып, курчоого алынды. Сүрөт

Жеринде УКМК кызматкерлери дагы иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Бишкектин Asia Mall соода-оюн-зоок борборунун имаратына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, тегерек чети курчоого алынды.
1 / 2

Ленин райондук милициясынын маалыматы боюнча, саат 13:56да бомба тууралуу анонимдүү чалуу болгон

2 / 2

Аталган жайга РИИБдин ыкчам-тергөө тобу жана жетекчилиги чыгып кеткен

Ленин райондук милициясынын маалыматы боюнча, саат 13:56да бомба тууралуу анонимдүү чалуу болгон. Аталган жайга РИИБдин ыкчам-тергөө тобу жана жетекчилиги чыгып кеткен. Коопсуздукту камсыздоо үчүн соода борбордун ичиндеги адамдар эвакуацияланып, айланасы курчоого алынды. Жеринде УКМК кызматкерлери дагы иштеп жатат.
Милиция окуянын жагдайы тууралуу кенен маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.
Кытай элчилигине да бомба коюлганы айтылып, саперлор эч нерсе тапкан жок