Курчалган Asia Mall: активист Шаменов унаасынан граната табылганын айтты

Саат 16:15тен имараттын ичине кирүүгө уруксат берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Asia Mall соода борборунун жанына токтотулган активист Илгиз Шаменовдун автоунаасынан граната табылды. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.
"Машинамды соода борбордун алдындагы унаа жуучу жайга токтотуп, маркетке кирейин дегенбиз. Жууп жаткандар артынан зым салаңдап калганын көрүшүптүр. Айдоочумду жөнөтсөм граната байланыптыр деп жатпайбы. Анан дароо милиция чакырдык", — деди Шаменов.
Ленин райондук милициясынын маалыматы боюнча, саат 13:56да бомба тууралуу анонимдүү чалуу түшкөн. Мындан улам соода борбордун ичинен адамдар эвакуацияланып, тегерек чети курчоого алынган.
Милиция граната табылганы тууралуу маалымат бере элек. Саат 16:15тен имараттын ичине кирүүгө уруксат берилди.
Илгиз Шаменов соңку убакта Жетим-Тоо темир кенин казууга каршы чыгып, тынымсыз билдирүүлөрдү жасап келген. Мурда балык өстүрүү бизнеси менен алектенчү, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон.
Кытай элчилигине да бомба коюлганы айтылып, саперлор эч нерсе тапкан жок