12-августка карата аба ырайы

12-августа күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Жумага караган түнү кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жамгыр жааса, өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +29...+34, Талас аймагында +26...+31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көл өрөөнүндө +24...+29, Нарында +23...+28 градуска чейин жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +32...+34, Ош шаарында +34...+36, Чолпон-Атада +24...+26 градуска чейин көтөрүлөт.
Пресс-борбор
Далбаев: Ысык-Көлдөгү 103 курорттук жайдын саркынды сууну тазалоочу курулмасы жок