Жалал-Абаддын үч районунда сел жүрдү. Видео

Селдин суусу мал сарайларга кирип, жолду каптап, каттамга тоскоолдук жараткан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. 9-августтагы жаандын кесепетинен Жалал-Абаддын Ала-Бука, Аксы жана Чаткал райондорунун бир катар айылдарында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 9-августта Чаткалдын Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылында кокту-колоттон агып келген суулардын натыйжасында сел жүрүп, Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун 20-25-чакырымы убактылуу жабылган.
"Сел жүргөн жерге ӨКМдин кызматкерлери жана алтын казган ишканадан эки жүктөгүч тартылып, үч сааттык жумуштан кийин жолдун эки тарабы тең ачылды", — деп айтылат маалыматта.
Ушул эле күнү Ала-Бука районунун Өрүктү-Сай айылында сел жүрүп, суу мал сарайларга кирип, Ала-Бука — Өрүктү-Сай жолун каптап, каттамга тоскоолдук жаратканы маалым болду. Учурда аталган автоунаа жолу ачык.
Көлдүн Сары-Камышында сел суулары эгин талаасын, унаа жолду каптады. Видео