Япония бийлиги өкмөтүн чукул отставкага кетирип, жаңы курамды бекитти. Себеби

Японияда өкмөт курамынын жаңыланышы сентябрдын башына пландалган. Бирок премьер-министр Фумио Кисида өлкөнүн экономикалык концепциясын алдыга жылдыруу ниетинде процессти тездетүү чечимин кабыл алды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бүгүн эртең менен отставкага кеткен япон өкмөтүнүн жаңы курамы бир нече сааттан кийин эле жарыяланды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.
Тышкы иштер, каржы жана экономиканы калыбына келтирүү боюнча министрликтердин жетекчилери, министрлер кабинетинин башкы катчысы ордунда калды. Башка ведомстволордо министрлер алмашып, айрым бири-бирине үндөш министрликтердин башчылары орун алмашты.
Японияда өкмөт курамынын жаңыланышы адегенде сентябрдын башына пландалган. Бирок премьер-министр Фумио Кисида өлкөнүн экономикалык концепциясын алдыга жылдыруу ниетинде бул процессти тездетүү чечимин кабыл алды. Анткени азык-түлүккө жана күйүүчү майга болгон баанын көтөрүлүшүнө байланыштуу чукул чара көрүү зарылдыгы пайда болду. Жаңы өкмөт парламент жыйынына чейин экономиканын "жаңы капитализм" концепциясын иштеп чыгып, бул тууралуу отчёт бериши керек.
Бүгүн жаңы министрлер кабинетинин мүчөлөрү Япониянын императору Нарухитонун алдында ант берип, дароо кызматка киришет.
Британия премьери Борис Жонсон кызматтан кетти