Республикалык психикалык ден соолук борборунун врач-психиатры Айгерим Төлөбекова Sputnik Кыргызстан агенттигине уйку параличи жана анын себептери тууралуу айтып берди.
— Медицинада уйку параличине кандай түшүндүрмө берилет?
— Уйкунун да фазалары бар. Бир фазадан экинчисине өткөндө анын функцияларынын кыска убакытка бузулушу уйку параличин пайда кылат. Эгер норманы карай турган болсок, биринчи мээ (аң-сезим) уйкуга кетет. Андан кийин булчуңдар бошоп, организмдин иши жайлайт. Уйку параличинде булчуңдар бошоп уйкуга кетсе да аң-сезим уйкуга кете элек болот. Мындай уйку функциясынын бузулушу 10-20 секундга эле созулат. Бул жүрөктүн согушун тездетип, коркуу, чочуу, тынчсызданууну пайда кылып, галлюцинацияга алып келет. Адам уйкуга кетер алдында жана биринчи фазадан экинчи фазага өтүп жатканда (кызуу уйкуга) кабылчу көрүнүш.
Ал эми адам ойгонордо да ушундай абал жаралышы мүмкүн. Анда биринчи аң-сезим ойгонуп, бирок булчуңдар уйкуда болот. Бул эки түрдүү галлюцинация (гипнагогиялык жана гипнопомпиялык) менен байланышат.
— Уйку параличин ар бир эл өз дараметине жараша божомолдоп түшүнүүгө аракет кылган. Көбүнчө кайып дүйнөнүн сырдуу күчтөрү (албарсты, кара басты, домовой) менен байланыштуу делет. Кээ бирлер коркунучтуу элес көрүндү десе, айрымдары дабыш укканын айтышат...
— Уйку параличинде галлюцинация нормалдуу эле көрүнүш. Бул психикалык жана неврологиялык оорусу жок адамдарда деле кездешет. Биздин статистика боюнча, адамдардын 40-50 пайызы өмүрүндө бир жолу уйку параличине кабылат. Ал эми дайыма кайталанып турган уйку параличи дүйнө жүзү боюнча болгону 7 же 6 пайызды түзөт. Анын ичинен буга студенттер көп кабылат экен. Себеби адамдын стресске кабылышы жана уктоо нормасынын бузулушу менен түшүндүрүлөт. Муну менен катар кичине кезинде стресске кабылса да уйку-соонун ортосундагы галлюцинация коштой берет. Себеби ошол психологиялык жараат сезимдин түпкүрүндө (подсознание) калып, аң-сезимге кайтып келе албаганы менен улам-улам белги бере берет. Ошону менен адам уйку параличинен жабыркайт же түндө чочуйт. Адам алгач эмнеден улам мындай абалга тушугуп жатканын анализдеп, себебин иликтеп көрүшү керек.
— Уктап жатып басып кеткендерчи? Бул да психикалык жактан жабыркообу?
— Уйку параличи негизинен оорулардын классификациясына кирген эмес. Ал эми уктап жатып басып кетүү психиатриялык оорулардын тизмесинде турат. Демек, бул психикалык оору. Ага атайын дары-дармек бар, дарылоого болот. Уктап жатып эле туруп басып кетүүдө, тескерисинче, мээ уктап, булчуңдар ойгоо болот. Бул уйкунун биринчи фазасына туш келет. Булчуңдар уктабаган үчүн адам туруп басып кетүүдө. Анан ал күнүмдүк кылуучу ишин жасап, кайра жатып алат. Кээде туугандары көрүп калып токтотуп, төшөгүнө алып келип жаткырып коёт. Мындай көрүнүш жумасына 2-3 жолу кайталанса, анда психиатрга көрүнүү керек.
— Уйку параличине кабылгандар "кара басты" дешип ар кандай жөрөлгөлөрдү жасап, дем салдырып да калышат. Ал жөн эле ишенимби?
— Бул жөн гана элдик ишеним, медицинага эч тиешеси жок. Адамдардын уйку параличинен кыйналганынан улам эле ушундай миф калыптанып калган. Бул үчүн стресстен арылуу керек. Бир нерсеге тынчсызданып жүрсө же кайсы бир окуядан кийин психологиялык жараат алгандарда да көп кездешет. Алгач ошол галлюцинациянын себебин аныктап, аны дарылоо керек. Андан соң гана мындан арыласыз. Кээде үйдүн чачыгы да адамды стресске кептейт. Адам өзү байкабаганы менен үй иретсиз болсо кыжалат боло берет. Чачылган үйдө уктаганда да адамдын уйкусу бузулуп, жогорудагыдай абалга тушугушу мүмкүн.
— Уйку-соонун ортосунда кыйналып жаткан абалдан кантип чыгууга болот? Мээ ойгоо болгондуктан айрымдар паникага да алдырып коюшарын уктум эле...
— Уйку параличи кармаган убакта мээ кадимкидей иштеп жаткандыктан адам коркпой өзүн-өзү кармашы керек. Ошол учурда көптөрү тырышып, кармашып, булчуңдардын калыбына келишин ого бетер жайлатат. Тескерисинче, дене бойду бош коюп, көңүлдү башкага бурганга аракет жасаса тез өтүп кетет. Бул абалдын ден соолукка зыяны жок.
— Уктап жатканда дем жетпей калышы мүмкүнбү же жалган сезим боло береби?
— Дем жетпей калышы мүмкүн. Уйку параличинин дагы бир себеби — туура эмес жатып калуу. Медицинада да, исламда да оң капталың менен жаткан туура делет. Анткени ошол убакта кабырганын арасындагы булчуңдар толук ачылып кычкылтек жетишерлик болуп, өпкө жакшы дем алат. Кан тамырлар кысылганда жүрөк да кыйналып, күч келет. Ошол учурда организм мээге "ойгон" деп жан талашып коркунуч сигналын жибере баштайт.