Таласта менчикке өтүп кеткен мектептин жери мамлекетке кайтарылды

Айыл өкмөттүн кызматкерлери мектептин жерин беш адамга бөлүп берип салганы аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Таластагы менчикке берилип кеткен мектептин жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, мектепке тиешелүү 3 миллион 750 миң сомго бааланган 0,75 гектар аянт жер тилкеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарылып берилди.
"Прокурордук текшерүү учурунда Бакай-Ата районунун Акназаров айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары 2003-жылы жана 2009-2011-жылдар аралыгында жер мыйзамдарынын талаптарын бузуп, Султаналиев атындагы орто мектепке тиешелүү болгон 0,75 гектар жер тилкесин беш адамга менчикке берип салышканы аныкталды. Аларды мамлекетке кайтаруу үчүн облустук прокуратура сот органына беш доо арызы менен кайрылып, алар толугу менен канааттандырылган", — деп айтылат маалыматта.
Натыйжада жер тилкеси кайра мектепке өткөрүп берилген.
Пресс-борбор
Кыргызстанда канча үй-бүлө жер тилкесин мыйзамдаштырууну күтүп жатат?