Дарыгер: сыра ичкен аялдар алкоголго берилип кетиши мүмкүн

Медик алкоголдук ичимдик аялдын ички органдарын, эң биринчи кезекте боору менен мээсин жабырката турганын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Сыра ичкен аялдар алкоголдук суусундуктарга берилип кетиши мүмкүн экенин "Известияга" дарыгер-диетолог Сергей Обложко айтып берди.
Дарыгер сыра башка ичимдиктер сыяктуу эле ден соолукка кооптуу экенин эскерткен.
"Аялдар ичимдикке тез берилет. Адатта жеңил ичимдиктерден баштап, бул узак жылдарга созулат. Акыры алкоголду таштай албай калышат. Мындан аялдын ички органдары, эң биринчи кезекте боору менен мээси жабыркайт", — деди Обложко.
Ал алкоголдун жеңил деген түрлөрүн узак убакыт ичкендердин да мээсине залал келе турганын айтты.
Бишкектеги студенттердин 15%ы кызымтал болуп жүргүсү келет. Сурамжылоо