Радио

Социолог: коомдун агрессивдүү болушуна маалыматтардын ачыктыгы себеп

Социология илимдеринин кандидаты, Кыргыз улуттук университетинин доценти Сайкал Жунушова 12 жаштан 17 жашка чейинки балдар интернеттен болжол менен зомбулукка байланышкан түрдүү окуяларды көрүп таасирленерин айтты.
Sputnik
Коомдун агрессивдүү болуп баратканынын негизги себептеринин бири интернетте түрдүү маалыматтардын жеткиликтүүлүгү. Бул учурда дүйнөлүк көйгөйгө айланып калды. Мындай пикирин Сайкал Жунушова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда 30 жаштан жогорку адамдар деле күнүнө эки сааттан төрт саатка чейинки убактысын социалдык желелерде өткөрөт.
"Коомдун агрессивдүү болуп баратканы чын, бул дүйнөлүк көйгөйгө айланып калды. Башкы себеби интернетте түрдүү маалыматтардын жеткиликтүү болуусу. Ошол эле өсүп келе жаткан муунду айта турган болсок, балдар 11-12 жашынан 17 жашка чейин болжол менен 20 миңден ашык зомбулук элементтери бар видеолорду көрүп, компьютердик оюндарды ойношот экен. Ал эми кыздар ушул курагынан тарта социалдык тармактарга өз алдынча каттала башташат. Ал жакта балдарды тарбиялоо, алардын руханий маданиятын өстүрүү боюнча контенттер атайын багытталып көрсөтүлбөгөндүктөн, балдар каалаган видеолорду көрүп, оюндарды ойношот. Бул алардын калыптанып келе жаткан дүйнө таанымына абдан зор таасир этет. Бала эмес интернеттеги мындай окуялар улуу адамдардын деле психикасына терс таасирин тийгизери аныкталган. Өнүккөн мамлекеттерде ушул себептен да интернет колдонууда түрдүү чектөөлөрдү киргизүүдө", — деди Жунушова.
Социолог коомдун агрессивдүүлүгү ачык маалыматтар менен жумушсуздук коштолгон өлкөлөрдө курч байкаларын кошумчалады.