Кыргызстанда пенсияга 2 000 сом кошулушу күтүлүүдө

Соцфонд пенсиянын базалык бөлүгүн эки эсеге, камсыздандыруу бөлүгүн 15 пайызга көбөйтүүнү сунуштап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. 1-октябрдан тарта Кыргызстанда пенсияга 2 000 сом кошулушу күтүлүүдө. Тиешелүү токтом долбоору өкмөттүн сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлду.
Соцфонддун алдын ала эсептөөсү боюнча, 2022-жылдын 1-октябрына карата өлкөдө пенсионерлердин саны 735,7 миң адамды түзөт. Мекеме 1-октябрдан тарта пенсиянын базалык бөлүгүн дээрлик эки эсеге, камсыздандыруу бөлүгүн 15 пайызга көбөйтүүнү сунуштап жатат.
"Алдыда боло турган пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы боюнча пенсиянын орточо өлчөмү 8 080 сомго жетет. Бул жогорулатууга чейинки пенсиянын өлчөмүнөн 133 пайызга көп. Башкача айтканда, пенсияга 2 000 сом кошулат", — деп жазылат токтом долбоордо.
Буга чейин финансы министри Алмаз Бакетаев 1-октябрдан тарта пенсиянын базалык бөлүгү 50 пайызга чейин көбөйтүлөрүн билдирген.
Соттордун айлыгы көтөрүлүп, жыл соңуна чейин жаңы үйлүү болушат