Кыргызстанда күйүүчү май арзандайбы? Адистин жообу

Адис ассоциациянын эсеби боюнча Кыргызстан жыл соңуна чейин квотанын алкагында бензин сатып аларын жана дефицит жаралбашы керектигин кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. – Sputnik. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов бүгүнкү күндө Россия менен мунай азыгы үчүн эсептешүү кайсы валютада жүргүзүлүп жатканын, бензин менен дизель майынын баасы жакынкы аралыкта кандай өзгөрөрү тууралуу Sputnik радиосуна курган маегинде айтып берди.
Эшатов белгилегендей, кыргызстандык нефтетрейдерлер март айынан бери эле россиялык мунайды кайра иштеткен заводдор менен ыңгайлуу валютада эсептешип келе жатат.
"Март айында доллардын курсу өсүп кетери менен биз министрлер кабинетине кайрылганбыз. Дээрлик эки жумадан кийин эле россиялык мунайды кайра иштеткен заводдор менен болгон келишимдер мультивалюталыкка өткөрүлгөн. Башкача айтканда, күйүүчү майдын баасы доллар менен бекитилип, төлөмдү рубль менен дагы, доллар менен дагы жүргүзсөк болот", — деди ассоциация жетекчиси.
Ал ошондой эле жакынкы аралыкта өлкөдө күйүүчү майдын баасы төмөндөй турганын кошумчалады.
"Россияда баалар түшүп жатса бизде эмнеге кымбат деген суроолор болуп жатат. РФ ички керектөөчү үчүн арзандатканы менен дүң баа акыркы эки жылдан бери өсүүдө. Дизель майы дагы кымбаттады. Себеби Россиянын өзүнө да жетишсиз болуп жатат. Белгилей кетчү жагдай, бензин коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу бизде арзаныраак. Себеби бизде мунай азыктарынын кайсы бир көлөмүнө квота бар. Аны Россиядан экспорттук пошлинасыз чыгарып кетебиз. Ал эми коңшу мамлекеттер аны төлөп жаткандыктан баалар салыштырмалуу жогору", — деди Эшатов.
Ал ошондой эле ассоциациянын эсеби боюнча Кыргызстан жыл соңуна чейин квотанын алкагында бензин сатып ала аларын жана дефицит жаралбашы керектигин кошумчалады.
Өкмөт күйүүчү май, газ сатып алуу үчүн 2 компанияга 1 млрд. сом насыя берет