Ош улуттук драма театрынын директору алмашты

Тиешелүү буйрукка маданият министри Азамат Жаманкулов кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын директору болуп Керимбек Калыкулов дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Тиешелүү буйрукка министр Азамат Жаманкулов кол койгон. Аны эмгек жамаатка министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырган.
Керимбек Калыкулов буга чейин "Ош ТВ" телеканалын алты жыл, андан кийин "ЭлТР" мамлекеттик телеканалын 10 ай башкарып кеткен.
Дайырбек Орунбеков президенттин маалымат кызматынын жетекчиси болду