Июнь окуясы боюнча Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө айып тагылды

Айыпталгандардын арасында Алмазбек Атамбаев да бар. Андан кийин Убактылуу өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча Убактылуу өкмөттүн бир нече мүчөсүнө айып тагылды. Бул тууралуу ошол кезде Жалал-Абад облусунун губернатору кызматын аркалап турган Бектур Асанов билдирди.
Анын айтымында, өзүнө, ошондой эле Алмазбек Атамбаевге (ал кезде Убактылуу өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары болгон), Исмаил Исаковго (коргоо министринин милдетин аткаруучу), Бакытбек Алымбековго (ички иштер министринин милдетин аткаруучу) жана Кеңешбек Дүйшебаевге (УКМКнын башчысы) күнөө коюлган.
1 / 4

Бектур Асанов

2 / 4

Алмазбек Атамбаев

3 / 4

Исмаил Исаков

4 / 4

Кеңешбек Дүйшебаев

Асановдун айтымында, учурда тергөө иштери аяктап, документтер Биринчи май райондук сотуна тапшырылды. Алдын ала угуу 15-августка белгиленген.
Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев анын Июнь окуясы боюнча айыптоо корутундусун алганын ырастады. Адвокаттын айтымында, актыны тапшыруу алдында прокурорлор эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу ишти кыскартуу боюнча өтүнүч кат жазууну сунуштаган. Бирок Атамбаев андан баш тартты. Себеби төмөнкүдөй:
доонун эскирүү мөөнөтү (2020-жылы бүткөн);
эскирүү мөөнөтү өтүп кеткенине карабай иш козголуп, андан кийин Атамбаевден баш тартуу жөнүндө арызды өзү жазууну суранышкан;
эскирүү мөөнөтүнүн өтүп кетиши реабилитациялоочу фактор болуп саналат, башкача айтканда, ал акталган да жок, күнөөлүү да эмес.
Мындан 12 жыл мурун Кыргызстандын түштүгүндө Апрель окуясынан кийин улуттар аралык жаңжал чыгып, анын кесепетинен 400дөн ашуун адам каза болгон. Атамбаев анда Убактылуу өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары болчу.
Алмазбек Атамбаевге дагы бир айып тагылды