Формасы жактыбы? Ислам оюндарында параддан өткөн кыргыз спортчуларынын видеосу

Делегациянын курамында спортчулар менен машыктыруучуларды кошкондо 158 адам бар.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Түндө Түркиянын Конья шаарында Ислам тилектештиги оюндарынын расмий ачылышы өттү. Анда Кыргызстандын спорттук делегациясы салтанаттуу жүрүшкө чыкты.
Мамлекеттин желегин курама команданын капитаны, грек-рим күрөшү боюнча балбан Атабек Азизбеков менен жеңил атлет Айнуска Калил кызы көтөрүп чыкты. Спортчулар менен машыктыруучуларды кошкондо делегациянын курамында 158 адам бар. Алардын параддык формасын ата мекендик мода үйү даярдаган.
Ислам тилектештиги оюндарына жалпы 56 өлкөдөн 4200 спортчу катышып, 483 медалдын комплектиси ойнотулат. Кыргызстан спорттун 16 түрү боюнча күч сынашат.
Айсулуу, Акжол, Эрназар... Ислам тилектештиги оюндарына барчу балбандар