БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Алмаз Сманбеков Ислам тилектештиги оюндарынын күмүш байгесинин ээси болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Аталган эл аралык турнир Түркиянын Конья шаарында өтүүдө.
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Алмаз Сманбеков Ислам шериктештиги оюндарынын күмүш байгесинин ээси болду.
© Фото / пресс-служба Минкультуры КР
Спортчу 57 килограмм салмактагылар арасында кармашкан. Ал финалда өзбекстандык балбан менен күч сынашып, бирок алган жаракатынан улам аягына чейин күрөшө алган эмес.
Спортчу 1/8 финалда азербайжандык, чейрек финалда сенегалдык жана жарым финалда тажикистандык балбанды жеңген.
Белгилей кетсек, бул Ислам оюндарындагы Кыргызстандын алгачкы медалы.
Ислам тилектештиги оюндарына жалпы 56 өлкөдөн 4 200 спортчу катышып, 483 медалдын комплекти ойнотулат. Кыргызстандан 100дөн ашуун атлет спорттун 16 түрү боюнча күч сынашат.