Эмнеге баарыбыз урушчаакпыз? Психологдун түшүндүрмөсү

Адистин айтымында, ар бир элде өзүнүн маданий өзгөчөлүктөрүнө жараша эмоцияны чыгаруунун ар кандай жолдору бар.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Эмне себептен кайсы бир эл же адамдардын тобу ачууга тез алдырып, урушчаак болот? Бул суроого психолог, психосоматика боюнча адис Анастасия Юдаева РИА Новости агенттигине берген маегинде жооп узатты.
"Бул нерсени жамааттык негативизм деп коёт. Биздин социум чындап эле эмоцияга бат алдырат, урушчаак келет. Буга абдан көп нерсе, мисалы, социалдык-экономикалык абалыбыз да таасир этет", — деди психолог.
Ошондой эле ал ачууга алдырбаш үчүн эмоцияны чыгарып, акырындык менен чогулган стресстен кутулуу керектигин айтты.
"Ар бир элде өзүнүн маданий өзгөчөлүктөрүнө жараша эмоцияны чыгаруунун ар кандай жолдору бар. Мисалы, айрым улуттар стресстен бий аркылуу арылышат. Бизде ошол сыяктуу нерселер аз болгондуктан, чыр-чатактан башка нерсе калбайт", — деди Юдаева.
Психолог негативди организмде топтобой, чыгарып салуунун жолдорун санап берди:
адам өзүн-өзү бапестегенди, аяганды үйрөнүшү керек;
убагында эс алганды унутпашы зарыл;
өзүнүн эмгек процессин туура уюштуруп, жанга жагымдуу нерселерге убакыт табышы абзел.
Кайгы-капа чындап эле жүрөктү оорутабы? Адистин түшүндүрмөсү