Украина бийлиги 2014-жылдын апрелинде Донецк жана Луганск эл республикаларына каршы аскердик операциясын баштаган. Аталган республикалар ошол жылы Киевдеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин көз карандысыздыгын жарыялашкан эле. Донбасстагы кырдаалды жөнгө салуу маселеси сегиз жыл бою Минскиде байланыш тобунун жолугушууларында тынымсыз талкууланып келген.
Бирок жарашуу жөнүндөгү макулдашуулардан кийин да октун үнү тыйылбай, калк жашаган райондорду да украиналык оор артиллерия аткылап жатканын Донецк Эл Республикасынын жетекчилиги билдирген. Акыры Россия аталган эки республиканын көз карандысыздыгын таанып, ал эми быйыл 24-февралда өзүнүн атайын аскердик операциясын баштаган.
"Баарынан да ушунча жыл бою бейкүнөө балдардын набыт болуп жатканы үрөй учурат. Ок тийип, чарчап жаткан наристелердин сөөгүн көрүп, чүрпөлөрүн жерге берген ата-энелерди кезиктирүү биз үчүн өтө оор болду. Кепке тартып, суроо узаткан жарандардын көпчүлүгү маек куруудан баш тартышты. Себеби кастарын тиккен тарапта алардын жакындары көп. Эгер алар россиялык маалымат каражаттарына чыгып калса, Украинадагы жакындары анын зыянын тартып калышы ыктымал", — деп боолголойт Ороскулов.
Расмий маалыматтарда Украинанын куралдуу агрессиясы башталгандан бери Донбасста жалпы 8220 киши набыт болуп, анын 116сы балдар экени айтылат.
Тема боюнча: