Трибунада сүйлөп жаткан арабиялык дипломат капыстан кулап көз жумду. Видео

Медиктер келип жардам көрсөтүүгө аракет кылышкан, бирок өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Сауд арабиялык дипломат Мохаммад аль-Кахтани Египетте араб-африка конференциясында сүйлөп жаткан жеринен кулап түшүп көз жумду. Аталган учурдун видеосу социалдык тармакка жарыяланды.
Кээ бир ЖМКлар дипломат трибунада сүйлөп жатып акыркы сөзүндө "кайсы жерде болбогула, ар бир башта өлүм бар" деп айтканын жазышты.
Башка маалымат булактары ал өлүм алдында БАЭ менен Сауд Арабиянын башчыларына сый урматын билдирип, ошону менен катар "кимдир бирөө үчүн жүрөгү оорубаган сак саламат адамды көрүүдөн башка эч кандай баалуулук жок" дегенин жазган.
Медиктер дипломатка алгачкы жардамды көрсөтүүгө аракет кылышкан, бирок сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Жанында анын жубайы болгон. Эмнеден улам каза тапканы азырынча белгисиз.
Конференцияны жасалма документ жана контрафакт менен күрөшүү уюму Каирдеги чек ара кайтаруу үйүндө өткөргөн.
БАЭни 18 жыл башкарган президент Халифа ибн Зейд Аль Нахайян дүйнө салды