Чоң-Арыкта унаалар кагылышып, эки киши жаракат алды. Видео

Кырсыкка кабылган эки унаада тең үчтөн киши болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкектеги Чоң Арык айылында жеңил унаалар кагышып, кишилер жаракат алды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу кабарлады.
Жол кырсыгы саат 19:40тар чамасында болгон. Анда кырсыкка кабылган Nissan X-Trail түштүктү көздөй, ал эми Volkswagen Vento түндүктү көздөй баратканы белгилүү болду.

"Volkswagen Vento солго бурула коюп каршы тилкеге чыгып, келе жаткан унаа менен кагышкан. Эки машинада тең үчтөн киши болгон. Volkswagen Vento үлгүсүндөгү машинанын бир жүргүнчүсү оор жаракат алып ооруканага жеткирилген, дагы бир жүргүнчүсүнүн буту сынган", — деп билдирди Айтикул уулу.

Автоунаалар айып короого токтотулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Бишкекте Nissan Cefiro сүзгөн электр мамысы кулап калды. Видео