Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Элчи: Россия Украина аймагын миналаган жок, АКШ РФти далилсиз айыптап жатат

Элчи украиналык террорчулар Донецкиге сокку урууда тыюу салынган "Лепесток" минасын колдонушканын айтып, андан 30дай адам (арасында бөбөктөр дагы бар) көз жумганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. АКШ Россияны Украинанын аймагын миналап жатат деп далилсиз айыптоодо. Бул тууралуу РФ элчиси Анатолий Антонов билдиргенин РИА Новости жазды.
Politico гезити Мамлекеттик департаменттин өкүлүнө таянып, Россия Украинанын аймагына мина коюп жаткандыктан, АКШ Киевге 89 миллион доллар бөлгөнүн жазган.
"Вашингтон Украинанын аймагын миналап жатат деп Россияга жоопкерчиликти далили жок жүктөөдө. Бул чындыкка дал келбейт. Данды экспорттоо боюнча сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эл аралык коомчулук украиналыктар Кара деңиздин акваториясына өздөрү мина койгонуна ынанышты", — деди Антонов.
Ал украиналык террорчулар Донецкиге сокку урууда тыюу салынган "Лепесток" минасын колдонушканын айтып, андан 30дай адам (арасында бөбөктөр дагы бар) көз жумганын белгилеген.
Элчи сөзүн Киев режиминин чыныгы жүзүн дүйнө элине көрсөтө турган мезгил келди деп жыйынтыктаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украиналык аскерлер Донецкиге сокку урууда тыюу салынган курал колдонушкан