Өлкөдөгү 1200 мектепке компьютердик класстар үчүн эмерек жеткирилип жатат

"Келечек үчүн билим берүү" долбоору аркылуу өлкөдөгү мектептердин 56 пайызы компьютер менен камсыздалат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Өлкө аймагындагы 1200 мектепке жана 8 педагогикалык колледжге компьютердик класстар үчүн эмерек жеткирилип жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
1 / 3

Өлкө аймагындагы 1200 мектепке жана 8 педагогикалык колледжге компьютердик класстар үчүн эмерек жеткирилип жатат

2 / 3

Ал "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда

3 / 3

1200 мектептин ар бирине 15 стол, 15 отургуч, процессор үчүн 15 тумба берилет. Ал эми 8 педагогикалык колледжге 21 стол, 21 отургуч жана процессор үчүн 21 тумба тапшырылууда

Ал "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.
1200 мектептин ар бирине 15 стол, 15 отургуч, процессор үчүн 15 тумба берилет. Ал эми 8 педагогикалык колледжге 21 стол, 21 отургуч жана процессор үчүн 21 тумба тапшырылууда.
"Учурда Ысык-Көл облусу боюнча 109 мектепке эмеректер берилген, ал эми Чүй, Баткен, Нарын облустарына жана Бишкек шаарындагы мектептерге жеткирилип жатат. Андан кийинки кезекте Ош, Жалал-Абад жана Талас облустары турат. Планга киргизилген бардык мектептер октябрь айына чейин камсыздалат", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик "Келечек үчүн билим берүү" долбоору аркылуу Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 1200 мектепке (жалпы мектептердин 56 пайызы) жана 8 педагогикалык колледжге 24 168 компьютер, 7 208 проектор, 2 408 хаб, 1 208 көп функционалдуу жабдык (принтер, көчүрүү,сканер) жана UPS берилерин белгиледи.
Мектеп, бала бакча курууга араб өлкөлөрү Кыргызстанга 100 млн. доллар берет